2018-жылдын 12-июну Оттавада биринчи Кыргыз-Канада тимдер-аралык консультациялары болуп өттү

8776

2018-жылдын 12-июнунда Канаданын Оттава шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Канаданын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы биринчи консультациялар болуп өттү.

Канаданын жана Кыргыз Республикасынын делегациялары, Канаданын ТИМнин Арктика, Чыгыш Европа жана Евразия иштери боюнча Башкы директору Э.ЛеКлэр жана КР ТИМдин Экинчи саясий департаментинин директору У.Джусупов тарабынан тааныштырылды. Консультациялардын иштеринде ошондой эле, КРнын АКШ жана Канададагы Элчиси К.Токтогулов, КРнын АКШ жана Канададагы Элчилигинин жана Канаданын ТИМнин кызматкерлери катышты.

Консультациялардын катышуучулары, эки өлкөнүн ортосундагы ар кандай жааттардагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн маанилүү негиз катары алгачкы тимдер-аралык консультацияларды өткөрүүнү жактады. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн азыркы абалын жана келечегин, анын ичинде кыргыз-канада өнөктөштүгүн кеңейтүү жолун талкуулады, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикирлер менен алмашты. Эки өлкөнүн делегациялары эки тараптуу жана көп тараптуу негизде, Кыргыз Республикасы менен Канаданын ортосундагы ар тараптуу кызматташыкты бекемдөөдө кызыкчылыктарын билдирди.

Канада тарабы, ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөш болуп эсептелерин белгиледи. Бул контекстте, эки өлкөнүн жалпы принциптерин жана баалуулуктарын эске алуу менен, тараптар демократияны жана парламентаризмди өнүктүрүү жаатында кызматташтыкка жана тажрыйба алмашууга кызыктарлыгынын билдирди. Кыргызстандын жана Канаданын делегациясы, ошондой эле соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жана инвестициялык кызматташтык, ошондой эле маданият, билим берүү, илим, искусство, туризм жана спорт чөйрөсүн кеңейтүү жана диверсификациялоо жаатында, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн өздөрүнүн күч жумшоо ниеттерин тастыктады.

11 – 15 июнь мезгилинде, кыргыз делегациясынын Канадага иш сапары алкагында, ошондой эле Канаданын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү. Анын ичинде, Канаданын Тышкы иштер министринин орун басарынын жардамчысы С.Бек, Канаданын Эл аралык соода министрлигинин Соода сектору боюнча департаментинин Башкы директору К.Вилки, Канадалык Коммерциялык корпорациянын (инфраструктура жана курулуш) бизнести жана сатууну өнүктүрүү боюнча директору К.Дешамплен жана Экспортту өнүктүрүү Канадалык корпорациясынын Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча башкы өкүлү Т.Кун менен жолугушуу өткөрүлдү. Аталган жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүдө, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө маселелер, өлкөлөр ортосунда сооданы кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасына Канада инвестициясын тартуу предметтик талкууланды. КР ТИМдин делегациясы, өз тарабынан Кыргызстанга Канада компаниялары экологиялык таза жана заманбап технологиялар менен келүүсүн өзгөчө белгиледи.

Аталган иш сапардын алкагында, Канададагы Ага Хан өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрүнүн көмөгү астында, ошондой эле Канаданын Парламентинин жана ТИМнин мүчөлөрүнүн, Канаданын академиялык жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кечки тамак уюштурулду. Аталган иш-чаранын алкагында, кыргыз тарабы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо, жүргүзүлгөн реформалар, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча, ошондой эле кыргыз-канада кызматташтыгынын келечеги тууралуу  Кыргызстандын Өкмөтүнүн аракеттери жөнүндө маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK