2020-жылдын 17-августунан 23-августуна чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин ишмердүүлүгү жөнүндө

5024

2020-жылдын 17-августунан 23-августуна чейин Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнө акыркы бир жумада жарандардын келип түшкөн кайрылуулар жана консулдук аракеттер жөнүндө маалымдайбыз.

Жалпысынан бир жуманын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынан 502 кайрылуу келип түшкөн:

36 консулдук кызмат көрсөтүлгөн;

167 электрондук кайрылууларга жооптор берилген;

299 телефон чалуулар кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Элчилиги АКШда жана Канадада жүргөн Кыргызстандын жарандарын Элчиликтин консулдук каттоосунан өтүү керек экендигин эскертет. Консулдук каттоонун негизги максаты - АКШдагы жана Канададагы Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарын сактоо (шайлоого катышуу), кабыл алуучу мамлекетте укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле Элчиликте консулдук кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.

Консулдук каттоонун жана биометрикалык маалыматтардын негизинде, 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарына ыңгайлуу болушу үчүн, онлайн режиминде катталууга болот, б.а. интернет аркылуу.

Консулдук каттоого элчиликти каттоонун тартиби жана талап кылынган документтердин тизмеси жөнүндө толук маалыматты АКШнын жана Канададагы Элчиликтин расмий www.mfa.gov.kg/washington веб-сайтынан алууга болот.

Кошумча суроолорнуздар болсо жана Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин консулу менен байланышуу зарылдыгы келип чыкса, каттарды kgconsulate.washington@mfa.gov.kg жана kgembassy.usa@mfa.gov.kg электрондук даректерине жөнөтүңүз.

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK