АКШ Президенти Дональд Трамп Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

5451

 

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Мен Кыргыз Республикасынын акыркы 29 жыл ичинде демократиялык баалуулуктарын жана көз карандысыздыгын коргоодогу бекем туруктуулугуна суктанам. Көз карандысыздыкты алган күндөн тартып Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын өсүп келе жаткан экономикасын, демократиялык институттарын курууга жана адам укуктарын урматтоону камсыз кылууга карата жасаган иш-аракеттерин колдоого 2 миллиард доллардан ашуун көмөк көрсөттү. АКШнын Тынчтык корпусу жана башка алмашуу программалары биздин элдерибиздин ортосунда бекем байланыштарды түздү. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн мамилелер Америка Кошмо Штаттарынын да, Кыргызстандын да элдерине пайда алып келүү багытында өнүгөт деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK