Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги маалымдайт!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого добуш берүү 2020-жылдын 4-октябрында саат 8:00дөн 20: 00гө чейин болот.
Өзүңүздү БУЛ ТИЗМЕден алдын ала текшерип коюуну өтүнөбүз.
Сизде сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун бир түрү болушу керек - Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык паспорту.
Элчилик жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат!