БУУнун күнүн майрамдоо боюнча пресс-релиз
2020-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Oneness Family School уюштурган БУУнун күнүнө арналган иш-чарага катышты.
Иш-чарага Вашингтондо аккредиттелген дипломатиялык миссиялардын башчылары, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аталган иш-чараны америкалык алдыңкы маалымат каналдарынын бири Fox 5 TV эфирге чыгарды.
Иш-чаранын жүрүшүндө дипломатиялык миссиялардын башчылары иш-чаранын катышуучуларын ушул маанилүү күн менен куттуктап, тийиштүү билдирүүлөрдү жасашты.
Окуучулар жана окутуучулар жамааты белгилүү бир аймактын жана мамлекеттин маданиятын чагылдырган ар кандай концерттик номерлерди даярдашты.