Саясий кызматташтык

Саясий кызматташтык

 

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын саясий чөйрөлөр ортосундагы кызматташтыгы стратегиялык кызматташтыктын Жогорку кеңеш формасында бекитилген стратегиялык макамына ээ.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1991-жылы 24-декабрда түзүлгөн. Түркия Республикасы Кыргызстандын Эгемендигин чет мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп тааныган.

1992-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилиги, ал эми ошол эле жылдын октябрь айында Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги ачылган.

1994-жылдын апрелинде Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу, ал эми 2022-жылдын апрелинде Түркия Республикасынын Анталья шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу түзүлгөн.

Кыргыз-түрк мамилелери боордош эки элдин орток тарыхына, маданиятына, тилине жана динине таянат. Өлкөлөр ортосундагы мамилелер демдүү жана динамикалуу өнүгүп, эки тараптуу аракеттердин эң жогорку деңгээлинде турат.

Өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери ар кыл тармактарда, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү жана аскердик-техникалык тармактарда учурдагы жана келечектеги кызматташуу маселелерин жөнгө салган 100дөн ашык макулдашууга, келишимдерге жана протоколдорго кол коюлган. .

Эки өлкө ортосундагы фундаменталдуу документтердин катарына Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда 1997-жылдын 24-октябрында кабыл алынган Түбөлүк достук жана кызматташтык жөнүндө келишими, эки мамлекеттин башчыларынын 1999-жылдын 1-июлундагы “Кыргызстан жана Түркия: XXI кылымга бирге” биргелешкен билдирүүсү жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда 2011-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешти түзүү жөнүндөгү билдирүүсү кирет. Бул билдирүүдө саясий чөйрөдөгү кызматташтыктын стратегиялык макамы аныкталган.

2019-жылдын апрель айында Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси К.Өмүралиев Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдоганга ишеним грамоталарын тапшырган.

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери саясий диалог үзгүлтүксүз жүрүп, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар, байланыштар жүргүзүлүп келет. Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган жеке жолугушуулар жана телефондук сүйлөшүүлөр аркылуу үзгүлтүксүз байланышып турушат.

2018-жылдын сентябрь айында Түркиянын Президенти Р.Т.Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, анын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин 4-жыйыны болуп өттү. Ошондой эле Президент Эрдоган Кыргыз Республикасындагы Ысык-Көлдүн жээгинде Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын 6-саммитине жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров 2021-жылдын июнь айында Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барып, анын алкагында Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин 5-жыйыны болуп өттү. 2022-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Түркия Республикасындагы Изник көлүнүн жээгинде өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышты.

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын тышкы иштер министрлеринин өз ара визиттери үзгүлтүксүз болуп турат. Түркиянын Тышкы иштер министри М.Чавушоглу 2021-жылдын март айында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келсе, 2022-жылдын август айында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Түркияга расмий иш сапары менен барган.

Кызматташуу жылдарында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10 отуруму, Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5 отуруму өткөрүлдү.

Көп тараптуу кызматташтыктын алкагында Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы кызматташуу маанилүү форматтардын бири болуп саналат. 2021-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитине катышты.