Соода-экономикалык кызматташтык

Соода-экономикалык кызматташтык кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин приоритеттүү багыты болуп саналат. Түркия Республикасы Кыргызстандын инвестиция жана соода жүгүртүү боюнча негизги өнөктөшү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода сатыгынын түзүмүндө өзгөчө орунду ээлеп, алдынкы 5 өнөктөш-өлкөнүн катарына кирет.

Маалымат катары: Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн (C/Ж) көлөмү 2016-жылы– 459,4 млн. АКШ долл., 2017-жылы 534,1 млн. долл., 2018-жылы – 455,9 млн. долл. 2019-жылда эки өлкөнүн С/Ж – 519,2 млн. долл., анын алкагында экспорт – 77,2 млн. долл., ал эми импорт – 442,0 млн. долл. болду. 2020-жылда – 507,5 млн. АКШ долл., анын ичинде экспорт 91,1 млн. АКШ долл., ал эми импорт 416,4 млн. АКШ долл.

2021-жылдын 1-кварталында соода жүгүртүү 197,1 млн. долл. (экспорт - 23,1 млн. долл., импорту - 174,0 млн.долл.) түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,9 млн. долл. көбөйгөн (2020-жылдын 1-кварталында - 136,1 миллион доллар).

Эки мамлекеттин жетекчилиги тарабынан эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү милдети коюулган.

Кыргызстандын Түркияга болгон негизги экспорту булар буурчак (фасоль), жаңгак, пахта жана андан жасалган кездемелер (жиптер), иштеп чыгарылбаган терилер, тери жана андан жасалган буюмдар, зергер бюмдары (баалуу таштар, алтындан жана күмүштөн ар түрдүү жасалгалар), алтын, металл, минералдык күйүүчү майлар жана жез калдыктары, алюминий эритмелери, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарылар түзөт.

Түркиядан негизги импорт - жеңил өнөр-жай азыктары (кийим-кече, бут кийим, текстиль буюмдар), фармацевдик өнүмдөр, химиялык продукциялар (боёгучтар, лактар, самын, жуугуч, атыр, косметикалык каражаттар) пластмасса, резина (резинадан жасалган буюмдар, ж.б.), машина куруу продукциялары (жабдуулар, механикалык жабдуу, электрмашиналары, аппараттары жана башкалар.), тамак-аш жана айыл-чарба чийки заттар (жашылчалар, мөмө-жемиштер, кондитердик азыктар, жаңгактар, үрөн ж.б), кара, түстүү, кымбат баалуу эмес металлдар, зергер буюмдар, жыгачтан жасалган буюмдар, эмерек жана анын кошумча жабдуулары, булгаары буюмдар ж.б.

Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө, Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча Биргелешкен комиссия (ӨАК) башкы ролду ойнойт жана анын отурумдары бул багыттагы максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чараларды кабыл алууга багытталган. 2019-жылдын 21-22-ноябрында ӨАКтын 9-отуруму өтүп, анын жыйынтыгында кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча Иш-аракетер планы кабыл алынды. Аталган документ так иш-аракеттерди жана аларды аткаруу мѳѳнѳттөрүн камтыган 76 милдеттерден турат. Ошондой эле ӨАКтын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын 350 ашык ишкерлеринин катышуусу менен Кыргыз-Түрк Бизнес-форуму өткөрүлдү.

2021-жылдын июль айында Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда Кыргыз-Түрк ӨАКтын 10-жыйынын жана Бизнес-форумду өткөрүү пландаштырылууда.

Эки өлкөнүн техникалык-экономикалык кызматташуусунда Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) өзгөчө орунду ээлейт жана ТИКАнын жардамы менен бир нече долбоорлор ишке ашырылды.

2021-жылга карата Кыргызстанда өтүүчү көргөзмө жана форумдар (Жүктөп алуу)