Пайдалуу маалымат

       Кирүү/чыгуу тартиби, туруу жана транзиттик өтүү талаптары

Виза маселеси:

2012-жылдын 10- февралынан баштап Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы 2011-жылдын 26 - апрелинен баштап жарандарынын өз ара сапарлары туралуу макулдашуу күчүнө кирген, ага ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары 180 күн ичинен 90 күндөн ашпаган убакыт Түркиянын аймагында болушу мүмкүн.

Түркияга турист катары келген бирок 90 күндөн ашык күн калгысы келген  Кыргыз Республикасынын жарандары, берилген 90 күн өткөнгө чейин, 6 ай же бир жыл жашап турууга уруксат алуу үчүн, ТРнын ИИМнин башкы дирекциясына кайрылуусу зарыл.

Өлкөгө кирүүдө паспорттун колдонуу мөөнөтүнө карата талаптар:

Түркияга баруу үчүн жарактуу жалпы жарандык (заграничный) паспорт болушу шарт. Паспорттун колдонуу мөөнөтү Түркияга келген күндөн тартып 180 күндү тузүүгө тийиш.

Бажы контролу:

Салыктык эмес төлөмдөр тамеки заттарына ( 2-блок тамеки же 50 сигара же 200  грамм табак) жана спирттик ичимдиктерге тиешелүү (арак же коньяк- 1 литр; шарап үчүн салыктык эмес төлөм ичинде ташуу көлөмү 2 литрди түзөт.)

Түркиянын аймагынан чыгып бара жатканда алтын буюдар, килем жана техникалык буюмдар бажы декларациясына киргизилет.

Алып кирүүгө жана алып чыгууга тыю салынган буюмдар:

 

Тамак-аш азыктары, атыр (парфюмерия) жана косметика керектелген жеке норма чегинде алып кирилет. Түркияга ар кандай баңги каражаттары бар дары дармек, антиквариат, баңги заттар, ок жана курал жарак алып келүүгө тыюу салынат.

Түркиянын аймагынан чыгып бара жатканда алтын буюдар, килем жана техникалык буюдар бажы декларациясына киргизилет.

      Чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби боюнча өлкөнүн мыйзамдары,

жүрүм-турум эрежелери жана адат нормалары:

Чет өлкөлүк жарандарды каттоонун тартиби жана жол жобосу:

Виза боюнча же визасыз режимдин алкагында Түркияга келген чет өлкөлүктөр коюлган талаптарга ылайык келген учурда жашоого уруксат алышы мүмкүн.

Ал үчүн, виза же визасыз режимдин мөөнөтү аягына чыкканга чейин, ТРнын ИИМнин миграциялык иштер боюнча башкы дирекциясына аңгемелешүү күнүн алуу үчүн кайрылуу керек, аңгемелешүү күнүнө чейин керек боло турчу документтер даярдалуусу зарыл:

- жашап турууга уруксат алуу/узартуу үчүн арыз (ЖТУ);

- сүрөт; 

- жалпы жарандык паспорт (загран паспорт); 

-паспорттун биринчи бетинин, ошондой эле Түркияга кирүүнүн акыркы датасы көрсөтүлгөн мөөрү бар беттин көчүрмөсү;

- Түркиянын аймагында алынган медициналык камсыздандыруу;

- жашаган жеринин дарегин ырастоо.

Чет өлкөлүк жарандарды жумушка орноштуруу  тартиби жана жол жобосу:

Түркиянын тышында жашаган чет өлкөлүктөр, жашаган өлкөсүндөгү Түркиянын өкүлчүлүгү аркылуу иштөөгө уруксат алуу үчүн арыз бере алышат.

 Учурдагы мыйзамга ылайык, колдонууда болгон иштөө уруксатын, жашап турууга уруксат катары колдонууга мүмкүндүк берет.

Түркияга жумушка уруксат алуу үчүн арыз берүү жол-жобосу төмөнкүдөй:

- жумуш берүүчү өз жашаган өлкөсүндө Туркиянын элчилигине арыз берет;

- Түркия элчилиги реферанс номурун берет;

- жумуш берүүчү, реферанс номуру негизинде, жумушка уруксат алууга керектелчү документтерди 10 жумуш куну ичинде тапшырышы керек;

- ТРнын үй-булө, эмгек жана социалдык кызмат көрсөтүү боюнча министрлиги билдирүүнү 30 жумуш күнүнүн ичинде карап чыгып Түркиянын элчилигине маалымдайт;

- качан гана ТРнын үй-булө, эмгек жана социалдык кызмат көрсөтүү боюнча министрлиги жумуш уруксаты арызына  макулдук бергенде чет өлкөлүк жаран паспортун Түркия элчилигинде жумуш визасы түзүлүүсү үчүн тапшырыш керек.

Кошумча маалыматтар

Өзгөчө кырдаалдар үчүн телефон жана байланыштар:

Өзгөчө  кырдаалдар үчүн телефон жана байланыштар:

- тез жардам - 112;

- полиция кызматы - 155;

- өрт өчүрүү кызматы – 110;

- жол патруль полициясы – 154.