Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Түркия Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын ЖОЖнда 2021-2022 окуу жылына карата 5 бюджеттик орун бөлүп берди

3315

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 25-мартындагы №102 "Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиздин билимин жана улуттук маданиятын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-декабрындагы №752 токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Түркия Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын ЖОЖнда 2021-2022 окуу жылына карата 5 бюджеттик орун бөлүп берди.

Этникалык кыргыздарды кабыл алган адистиктердин тизмеси, ошондой эле конкурска катышуу үчүн документтердин тизмеси тиркемеде келтирилген (тиркемени жүктөө)

Оор эпидемиологиялык кырдаалдан жана COVID-19 короновирустук инфекциясынын өлкөдө жана дүйнө жүзүндө жайылышынан улам, чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздардын Кыргызстанга келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, документтерди кабыл алуу жана кирүү сынактары Элчиликте өтөт.

Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү адрес боюнча Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилигине тапшырылышы керек:Turan Güneş Blv. Galip Erdem Caddesi 25, Yıldız/Oran.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2021-жылдын 25-августуна чейин

Тандоо эки этап менен жүргүзүлөт:

- I этап - документтерди кабыл алуу жана документтердин талаптарга дал келишин баалоо;

- II этап - кирүү сынагы.

Кирүү сынакты өткөрүү убактысы боюнча кошумча маалымат берилет.

Бардык суроолор боюнча Элчиликтин Атташеси Бакытбек Бегимайга 0312 491 35 06 (07) телефон же b.bakytbek@mfa.gov.kg электрондук почта аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK