Дем алыш күндөрү көчөгө чыгууга тыюу салынгандыгына жана анын узартылышы мүмкүн экендигине байланыштуу Түркияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын добуш берүү тартиби

4288

Урматтуу мекендешетер,

Түркиянын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында, КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КРнын Түркиядагы Элчилигинде №9036 жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда №9035 шайлоо участокторун бекитти.

Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-январына чейин дем алыш күндөрү көчөгө чыгууга тыюу салгандыгын жана бул чаранын узартылышы мүмкүндүгүн эске алып, жергиликтүү бийликтерден жогоруда аталган шайлоо участкалары боюнча катталган КРнын жарандарына шайлоо күнү шайлоого катышып кетүү үчүн уруксат алуу керек.

Ушуга байланыштуу, Элчиликтин жана Башкы консулдуктун шайлоо тизмелеринде катталган (www.tizme.gov.kg сайтынан өзүңүздү текшерүүгө болот) жана КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууну көздөгөн КРнын жарандарынан аты-жөнүн/жашаган дарегин Элчиликке жана Башкы консулдукка 2020-жылдын 30-декабрына чейин жиберүүнү суранабыз.

Төмөнкү аймактар Элчиликтин консулдук округуна тиешелүү: Анкара, Адана, Адыяман, Афьонкарахисар, Агры, Амасья, Артвин, Айдын, Бингёль, Битлис, Болу, Бурдур, Чанкыры, Чорум, Денизли, Диярбакыр, Элязыг, Эрзинжан, Эрзурум, Эскишехир, Газиантеп, Гиресун, Гюмюшхане, Хаккари, Хатай, Спарта, Мерсин, Карс, Кастамону, Кайсери, Кыршехир, Конья, Кютахья, Малатья, Кахраманмараш, Мардин, Мугла, Муш, Невшехир, Нигде, Орду, Ризе, Самсун, Сиирт, Синоп, Сивас, Токат, Трабзон, Тунджели, Шанлыурфа, Ушак, Ван, Йозгат, Зонгулдак, Аксарай, Байбурт, Караман, Кырыккале, Батман, Шырнак, Бартын, Ардахан, Ыгдыр, Карабюк, Килис, Османие, Дюздже.

Аталган провинциялардагы КРнын жарандары kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук адресине кайрылуусу зарыл.

Төмөнкү аймактар Башкы консулдуктун консулдук округуна тиешелүү: Стамбул, Анталья, Бурса, Измир, Маниса, Балыкесир, Чанаккале, Биледжик, Коджаели, Сакарья, Текирдаг, Кыркларели, Эдирне, Ялова.

Аталган провинциялардагы КРнын жарандары kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук адресине кайрылуусу зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK