Элчи Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту

3128

2021-жылдын 9-июлунда Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин Анкарa шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын, тагыраак айтканда, коронавирус пандемиясынын кесепетинен токтотулган экономика жана маданият жаатындагы боордош шаарлар болгон Бишкек жана Анкара ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил бак эң чоң шаардык сейил бак экенин белгилеп, Анкара шаарынын борборундагы "Дикмен Вадиси" сейил багынан Чынгыз Айтматов атындагы сейил бакты ачуу үчүн жер тилкесин берүү боюнча буга чейин жетишилген келишимдин аткарылышын тездетүүнү суранды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK