Элчи Кубанычбек Өмүралиев Токат аймагынын Губернатору Озан Балжы жана аталган шаардын Мэри Эйүп Эроглу менен жолугушту

2693

2021-жылдын 28-июлунда Токат шаарында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев 16- Экотуризм жана туруктуу туризм боюнча конференцияга катышуусунун алкагында Токат аймагынын Губернатору Озан Балжы жана аталган шаардын Мэри Эйүп Эроглу менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Токаттын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле, кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында жергиликтүү бийликтен Токаттагы Кыргызстандын жарандарына көңүл буруу боюнча өтүнүч билдирилди.

Губернатор О.Балжы жана Мэр Э.Эроглу Кыргызстандын региондору менен Токаттын ортосунда кызматташтыкты орнотуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK