Элчи Кубанычбек Өмүралиев “Түрк республикалары эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында” аттуу симпозиумга катышты

2097

А.Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинин жетекчилигинин чакыруусу менен 2021-жылдын 9-ноябрында Элчи Кубанычбек Өмүралиев Президенттик комплекстин ичинде жайгашкан Түркиянын Улуттук китепканасында уюштурулган “Түрк республикалары эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында” аттуу симпозиумга катышты.

Иш-чарага ТРнын Тышкы иштер министринин орун басары, ТРнын Маданият жана туризм министринин орун басары, ТРнын Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы, ТРнын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы, А.Ясеви атындагы университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, Азербайжандын, Казакстандын, Түркмөнстандын элчилери, түрк ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев “Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси” деген темада доклад жасады. Сөз алдында Кыргызстан жана анын туристтик потенциалы тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө эгемендүүлүк жылдарында эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү жөнүндө айтып, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты баса белгиледи. Ошол эле учурда бир тууган кыргыз жана түрк элдеринин тарыхынын, тилинин, маданиятынын жана дининин жалпылыгына көңүл буруп, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн ийгиликтүү мисалдарын айтып берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK