Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

1951

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 11-ноябрында Стамбул шаарында Түрк кеңешинин (Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин/ТМКК) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусу тарыхый окуя болуп калууга жана түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн жаңы доорун ачууга өбөлгө боло турган ТМКК 8-Саммитинин алдында Стамбул шаарында болуп өттү.

Тараптар Түрк кеңешинин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, жашыл технологиялар, акылдуу шаарлар жана санариптештирүү темаларына өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Р.Казакбаев өз сөзүндө бул жыл бир катар түрк тилдүү мамлекеттердин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөө менен өтүп жаткандыгын белгилеп, Кыргыз Республикасы түрк интеграциясын бекемдөөгө өз салымын кошууну уланта тургандыгына ишендирип кетти.

Түрк кеңешинин финансылык -экономикалык кризистерди, коронавирус пандемиясын, экологиялык жана башка гуманитардык көйгөйлөрдү жеңүүдө мүчө мамлекеттерге жана байкоочу мамлекеттерге көмөк көрсөтүү боюнча иш-аракеттерин интенсификациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ТМКК ТИМК жыйынынын алкагында жаңыланган Аксакалдар кеңеши жөнүндө жобо, түрк дүйнөсүнүн шаарларына өзүнчө макам ыйгаруу жөнүндө жобо бекитилип, финансы маселелери каралды.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында ТМКК мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Уюмдун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына коюлган бир катар документтерди жактырышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK