Анкара шаарында жайгашкан резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израиль Мамлекетинин Финансы министри Авидгор Либерман менен жолугушту

1828

2022-жылдын 10-апрелинде Түркия Республикасынын Анкара шаарында жайгашкан резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израиль Мамлекетинин Финансы министри Авидгор Либерман менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи К.Өмүралиев эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, өзгөчө кош салык салуудан качуу жана инвестицияларды коргоо боюнча келишимге кол коюу, ошондой эле Кыргыз-Израиль өнүктүрүү фондун түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Министр А.Либерман кыргыз тараптын жогорудагы сунуштарын кароого даяр экендигин билдирип, Израиль тарап айыл чарба тармагында кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK