Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президентине караштуу Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демир менен жолугушту

1447

2022-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Түркия Республикасынын Президентине караштуу Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демирдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу коргоо кызматташтыктын маселелери, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен кыргыз-түрк коргонуу ишканасын түзүү  мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселелери талкууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK