Каргызстан менен Тажикстан согуштук аракеттерди толук токтотуу, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгуу боюнча протоколго кол коюшту

1689

2022-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлуп, анда согуштук аракеттерди толук токтотуу, аскерлерди жана аскердик техниканы чыгарып кетүү каралган.

Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы генерал-лейтенант К.К. Ташиев Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштин алкагында Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы С.С. Ятимов менен ушул жылдын 19-сентябрында кечке маал жолугушканын маалымдайт. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн ортосунда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республиканын согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгууну, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерүүнү, үстүбүздөгү жылдын 14-жана 16-сентябрында болгон окуяны кылдаттык менен териштирүүнү камсыз кылуу жана чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюлду.  

Протоколго кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, тажик тараптан Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы С. Ятимов кол койду.

Чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK