Бурса шаарында Анадолу мектеби тарабынан уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана чыгармаларына арналган иш-чара болуп өттү

1486

2022-жылдын 22-сентябрында Бурса шаарында Анадолу мектеби тарабынан уюштурулган Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана чыгармаларына арналган иш-чара болуп өттү.

Панелдик талкууда Түркиядан жана Кыргызстандан келген студенттер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, анын ичинде жазуучунун чыгармаларында терең жана курч козголгон түрдүү темалар жана көйгөйлөр боюнча баяндамалар жасашты.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, түрк профессору Рамазан Коркмаз жана Анадолу мектебинин Башкаруу кеңешинин Төрагасы, профессор Сами Гючлю катышып, катышуучулардын алдында чыгып сөз сүйлөштү.

Иш-чара панелдик талкуунун катышуучуларын сыйлоо аземи менен аяктады.

Маалымат катары: Анадолу мектеби 2012-жылы Сакарья университетинде ТРнын мурдагы айыл чарба министри, профессор Сами Гүчлү тарабынан негизделген. Мектептин негизги багыттары – түрк дүйнөсүнө жана цивилизациясына салым кошкон авторлордун чыгармаларын жана бул авторлор жөнүндө жазылган айрым иштерди окуу менен аларды талкуулоо болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK