Стамбул шаарында этникалык кыргыздардын Түркиянын Ван аймагына көчүп келгенинин 40 жылдыгына жана Рахманкул Хандын элесине арналган иш-чара болуп өттү

2381

2022-жылдын 25-сентябрында Стамбул шаарында Кыргыз тектүү түрктөрдүн маданият жана кызматташтык коому тарабынан уштурулган этникалык кыргыздардын Түркиянын Ван аймагына көчүп келгенинин 40 жылдыгына жана Рахманкул Хандын элесине арналган иш-чара өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Элчиси Кубанычбек Омуралиев, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Стамбул аймагынын Губернаторунун орун басары Озлем Бозкурт Геврек, Стамбул шаарынын Зейтинбурну муниципалитетинин Башчысы Өмер Арысой, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, маданият жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Стамбулда жашаган этникалык кыргыздар жана Кыргызстандын жарандары.

Министр Жаманкулов этникалык кыргыздарды мааракеси менен куттуктап, өзгөчө 40 жыл бою өздөрүнүн каада-салттарын жана маданий өзгөчөлүгүн ийгиликтүү улантып келгенин белгиледи. Ошондой эле бир кезде кыргыз боордошторун жылуу кабыл алып, бир үзүм нан менен бөлүшкөн түрк элине ыраазычылыгын билдирди.

Элчи Омуралиев куттуктоо сөзүндө бул тарыхый окуяны ишке ашырууга Рахманкул хандын кошкон салымын белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз бийлиги тарабынан этникалык кыргыздарды тарыхый мекенине кайтаруу жана ар кандай колдоо көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурду.

Иш чаранын алкагында памирлик кыргыздардын тарыхына арналган фотокөргөзмө, кыска метраждуу даректүү тасма, Кыргызстан, Түркия жана Франциядан келген профессорлор жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышкан панелдик талкуу, ошондой эле кыргызстандык өнөрпоздордун жана чыгармачылык топтордун катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK