Президент Садыр Жапаров Изник шаарындагы "Кыргызлар турбеси" мемориалына барды

2120

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 29-сентябрда, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуунун алкагында Изник шаарындагы (Түркия Республикасы) «Кыргыздар турбеси» мемориалына барды.

Мамлекет башчысы мемориал менен таанышып шейиттер үчүн куран окуду.

 «Кыргызлар турбеси» — бул Изник шаарын алуу үчүн салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлеринин элесине арналган мемориал. Ислам энциклопедиясына ылайык, бул алгачкы Осмон дооруна (XIV кылым) таандык күмбөз.

Күмбөз султан Орхан гази тарабынан 1332-жылы Анадолу Селжугунун түптөлүшүнө салым кошкон кыргыз жоокерлеринин элесине арналып салынган.

2004-жылы октябрда кыргыз скульптору Тургунбай Садыков жасаган жоокердин эстелиги бакчага орнотулган.

Мемориал кичинекей өтмөк менен байланышкан эки бөлмөдөн турат. Мавзолей типтүү византиялык стилдеги жасалгасы менен көңүлдү бурат. Күмбөздө сегиз саркофаг бар: жети чоң киши жана бир баланыкы.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK