2019-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуусу болуп ѳттү.

5254

2019-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Элчи К.Омуралиев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташууга, өзгөчө маданий-гуманитардык тармагында салым кошкондугу үчүн Я.Топчуга ыраазычылыгын билдирди. Я.Топчу маданият тармагындагы кызматташтык соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдѳгү "ачкыч" болуп санала тургандыгын белгилеп кетти. Тараптар маданий-гуманитардык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешип кызматташуу, анын ичинде 2020-жылы Түркияда ѳтѳ турган 4-чү Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюну боюнча макулдашышты.

Маалымат катары: Я.Топчу 2015-жылы Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри, 2009-2011 жж. Улуу Биримдик партиясынын Башкы Төрагасы. Ошондой эле Я.Топчу “Манас” Кыргыз-Түрк Университетинин контролдоо Комиссиясынын мүчѳсү.

Экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризмди өнүктүрүү, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара агымын жана бизнес-коомчулугунун түздѳн-түз байланыштарын түзүү максатында, Элчи К.Омуралиев Стамбул жана Ош каттамын калыбына келтирүү зарылчылыгын белгиледи. Ошондой эле аталган маселе мындан мурда дагы Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Ишеним грамотасын тапшыруу аземинде суралган жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун 2019-жылдын 6-8 майында Түркияга болгон сапарынын алкагында «Түрк аба жолдорунун» Төрагасы А.Айджы менен болгон жолугушуусунда да талкууланган.

Я.Топчу аталган сунушту колдоо менен Түркия Республикасынын Президенти Р.Т.Эрдоганга Стамбул жана Ош каттамын калыбына келтирүү боюнча маселени кошумча билдире тургандыгы боюнча ынандырды.

  • 2019-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин Түркия Республикасынын Президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK