Элчи Руслан Казакбаев «Дүйнө үчүн нөл калдык, биздин жалпы үйүбүз үчүн» деген темада иш-чарага катышты

500

2023-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев «Дүйнө үчүн нөл калдык, биздин жалпы үйүбүз үчүн» деген темада Түркия Республикасынын Президентинин сарайында болуп өткөн иш-чарага катышты.

Аталган иш-чара Түркиянын Президентинин жубайы Эмине Эрдогандын, Түркиянын Тышкы иштер министри М.Чавушоглунун, Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо, урбанизация жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри М.Курумдун жана дипломатиялык корпустун катышуусунда өттү. Белгилей кетсек, «Нөл калдык» долбоору 2017-жылдан бери Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылып, 2022-жылдын декабрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган.

Эмине Эрдоган сөзүндө дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү аракеттерин бириктирүү зарылдыгына көңүл буруп, 30-мартта жыл сайын бүткүл дүйнөдө Эл аралык таштандысыз күнү катары белгилене турганын айтты.

«Табигый кырсыктардын чек арасы жок экени баарыбыздын бир кайыкта экенибизди дагы бир жолу эске салат жана биз ар кайсы географиялык аймактарда төрөлсөк да, биз бир «тилектеш адамдардын үй-бүлөсү - адамзаттын» мүчөлөрү экенибизди унутпашыбыз керек», - деди Э.Эрдоган.

Өз кезегинде, Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстанда жашыл долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тышкы карызды алмашуу демилгесин илгерилетүүнүн алкагында мындай иш-чараларга катышууга өзгөчө көңүл бурулат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK