Элчи Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Президентинин Улук кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту

681

2023-жылдын 2-февралында Анкара шаарындагы Президенттик сарайда Элчи Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Президентинин Улук кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги, анын ичинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашып, аймактык коопсуздуктун жана туруктуулуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Жолугушууда тарыхтын, тилдердин, маданияттардын жана салттардын жалпылыгы кыргыз-түрк мамилелеринин бекем пайдубалы экени өзгөчө белгиленди.

Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилигин макулдашуу жана дайындоо маселеси көтөрүлүп, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара сапарларын, өлкөдө жашап туруу шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты арттыруу талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK