2023-жылдын 12-февралы саат 09:00гө карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы кырдаал боюнча маалымат

578

1. 2023-жылдын 12-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 09:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 12:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 24 617 адамга жетип, 80 миңден ашык жабыр тарткан.

2. Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы урандылардын астынан 16 жаштагы баланы тирүү алып чыгууга жетишишти. Кошумчалай кетсек, мурунку күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19.21де 22 жаштагы кош бойлуу кыз, саат 23:30да 7 жаштагы бала тирүү куткарылды.

3. Элчиликтин жана Башкы консулдуктардын кызматкерлери жабыркаган аймактарда ишин улантууда. Акыркы 6 күндүн ичинде 70тен ашык Кыргыз Республикасынын жараны Анкара, Анталия, Алания шаарларындагы коопсуз аймактарга, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарлары аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды. 

4. Жабыркаган аймактардан жарандарды эвакуациялоо иштери уланууда. Мындан тышкары, кырсык болгон аймактардагы Кыргызстандын жарандарына азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардамдар көрсөтүлүүдө. 

5. Учурда дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жарандары жок. Түркиядагы Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелерине кайрылуулар түшкөн Кыргызстандын бардык жарандары менен байланыш түзүлдү.

6. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 1600гө жакын чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты. 

7. Дипломаттар кырсык болгон аймакта Кыргызстандан Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды жана боз үйлөрдү кабыл алууну уюштурууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Учактын бүгүн Газиантеп шаарына келиши күтүлүүдө. Жеринде Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Р.Казакбаев жүрөт.

8. Анкара, Стамбул, Анталия, Алания жана Түркиянын башка шаарларынан Кыргызстандын диаспораларынын өкүлдөрү активдүү колдоо жана жардам көрсөтүүдө. Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардан турган ыктыярчылар топтору түзүлүп, жабыркаган аймактарга Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөрдү тигүү үчүн жөнөтүлдү.

9. Жабыркаган аймактарда каракчылардын топторуна каршы күрөш уланууда. Полиция менен кылмышкерлердин ортосунда атышуулар болуп жатат. Коопсуздук коркунучунан улам Австрия менен Германиядан келген куткаруу топтору өз иштерин убактылуу токтотуп жатышат.

10. Түркиянын ички иштер министри М.Сойлунун айтымына ылайык, жапа чеккен аймактарга 70 миң полиция кызматкери, 60 миң жандарм, 1 миң жээк коопсуздук кызматкерлери тартылган. Жабыркаган аймактарда 230 адам кармалган.

11. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны ишмердүүлүгүн 2023-жылдын 21-февралына чейин токтотту. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK