2023-жылдын 13-февралы саат 09:00гө карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы кырдаал боюнча маалымат

500

1.  2023-жылдын 13-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 09:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 12:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 29 605 адамга жетип, 100 миңден ашык жабыр тарткан.

2. Кыргызстандан Түркияга атайын рейс менен 80 адамдан турган кошумча куткаруучулар тобу, 3 дарыгер жана жабыркагандарды жайгаштыруу үчүн 78 боз үй жеткирилди.

3. 13-февраль түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:13тө Кыргызстандын куткаруучулары Орусиянын жана Беларустун куткаруучу топтору менен биргеликте Кахраманмараш шаарындагы 12 кабаттуу үйдүн урандыларынын астынан 165 саат бою урандылардын астында калган тирүү жабырлануучуну чыгарышты.

4. Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев табигый кырсык болгон аймакта болуп, Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу өткөргөн ыкчам жыйынга катышып, компетенттүү органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, калк жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен жолугуп жатат. 

5. Элчиликтин жана Башкы консулдуктардын кызматкерлери жабыркаган аймактарда ишин улантууда. Акыркы 7 күндүн ичинде 150гө жакын Кыргыз Республикасынын жараны Анкара, Анталия, Алания шаарларындагы коопсуз аймактарга, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарлары аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды. Ошондой эле азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардамдар көрсөтүлүп, туугандарынын жана жакындарынын өтүнүчү боюнча жарандар менен байланыш түзүлдү.

6. Учурда дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жарандары жок. Түркиядагы Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелерине кайрылуулар түшкөн Кыргызстандын бардык жарандары менен байланыш түзүлдү.

7. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 1700гө жакын чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты.

8. Анкара, Стамбул, Анталия, Алания жана Түркиянын башка шаарларынан Кыргызстандын диаспораларынын өкүлдөрү активдүү колдоо жана жардам көрсөтүүдө. Кыргызстандын жарандарынан жана Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардан ыктыярчылар топтору түзүлүп жапа чеккен аймактарга келишти.

9. Жалпысынан Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып баруу учурунда урандылардын астынан 4 адам (кош бойлуу кыз, 7 жаштагы бала, 16 жаштагы бала, 40 жаштагы эркек киши) тирүү куткарылды. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK