2023-жылдын 16-февралы саат 09:00гө карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы кырдаал боюнча маалымат

634

1.    2023-жылдын 16-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 09:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 12:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 418 адамга жетип, 105 505 адам жарадар болду.
2.     Түркия Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курумдун айтымына ылайык, жер титирөөдөн жабыркаган 10 облустагы 41 791 имарат калыбына келтирилбейт жана бузулат.
3.    Түркиянын Үй-бүлө иштери жана социалдык кызматтар министри Дерья Яныктын берген маалыматына ылайык, жер титирөөлөрдүн натыйжасында учурда 993 бала ата-энесиз калган, алар балдар үйлөрүндө. 369 баланын ата-энеси аныкталып, балдар аларга өткөрүлүп берилди.
4.     15-февраль күнү кечинде Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы жер титирөөдөн жабыркагандарга кайрымдуулук каражатын чогултуу максатында “Түркия – бир жүрөк” жалпы улуттук марафонун өткөрүштү. Кайрымдуулуктун суммасы 115 миллиард 146 миллион лира түздү. 
5.     Кырсык болгон аймактарда издөө-куткаруу иштери уланып жатат. Бир катар мамлекеттин куткаруучулары миссияларын аяктап, мекенине кайтып кетүүдө.
6.    Кыргызстандын куткаруу топтору менен дарыгерлери Түркиянын жабыркаган аймактарында ишин улантууда. Жеринде куткаруу иштеринин жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары А.Мамбетов координациялоодо.
7.     Кахраманмарашта көчмө ооруканасы ишке киргизилип, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү үчүн жабыркагандарды  кабыл ала баштады.
8.     Кыргыз Республикасынан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан КР ӨКМнин 182 куткаруучусу, анын ичинен 12 фельдшер, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 6 дарыгери, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен 6 кинолог жөнөтүлгөн.
9.     Кахраманмараштагы AFAD лагеринде бирдиктүү убактылуу штаб ачылды, анда Элчиликтин, Анталиядагы Башкы консулдуктун жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү кезектешип 10 күн нөөмөттө болушат. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471.
10.    Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Учурда коопту аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер бар. 
11.    Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларынан келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топторуна, ошондой эле кырсык болгон аймактарда жашаган мекендештерге олуттуу жардам көрсөтүүдө. 
12.     Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда. Акыркы бир нече күндүн ичинде 2000ге жакын чалуулар жана билдирүүлөр иштелип чыкты. 

13.      Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин жана Башкы консулдуктарынын жабыркаган аймактардагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жана дарыгерлерге көмөк көрсөтүү боюнча иши күнү-түнү ыкчам түрдө уланууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK