Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К.Омуралиев Шади Тюрк башында турган Башкент Уюштурулган өнөр-жай зонасынын Директорлор кеңешини жана Башкентдин алкагындагы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту, ошондой эле аталган өнөр-жай зонасынын ишканалары менен таанышты.

5737

Жолугушууда Элчи тарабынан түрк ишкерлерине Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле либералдуу мыйзамдык базасы жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттары, тагыраак айтканда төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар: арзан электроэнергия, жумушчу күч жана башкалар жөнүндө маалымат берилди.

Аталган жолугушууда түрк компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан Бизнес-форумдарга жана көргөзмөлөргө катышууга кызыкдарлыгын билдирди.

Башкент өнөр-жай зонасынын ишкерлери менен болгон жолугушуудан кийин, Элчи К.Омуралиев учактардын жана вертолеттордун тетиктерин чыгарган «Yepsan» жана темир түтүктөрдү чыгарган «Akmermer boru» ишканалары менен таанышты.

Маалымат иретинде: Башкент Уюштурулган өнөр-жай зонасы 2001- жылы курулуп, Түркиядагы 5 чоң Уюштурулган өнөр-жай зоналарына кирет. Башкент Уюштурулган өнөр-жай зонасынын ишканалары коргоо, темирди иштеп чыгаруу, химиялык өндүрүш, медицина, фармацевтика, тамак-аш өнөр-жай, басма машиналарын чыгаруу тармактарында иш алып барышат. Башкент Уюштурулган өнөр-жай зонасында жалпысы 7000 га жакын жерде жайгашкан 550 өнөр-жай ишканасы бар.

  • Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К.Омуралиев Шади Тюрк башында турган Башкент Уюштурулган өнөр-жай зонасынын Директорлор кеңешини жана Башкентдин алкагындагы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту, ошондой эле аталган өнөр-жай зонасынын ишканалары менен таанышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK