2019-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев ТРнын Соода министри Рухсар Пекжан менен жолугушту.

4580

2019-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев ТРнын Соода министри Рухсар Пекжан менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономика тармагындагы маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн  ортосундагы соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле кыргыз продукциясынын Түркияга экспортун көбөйтүү максатында, Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-отурумун 2019-жылдын октябрь айында өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Элчи К.Омуралиев Р.Пекжанга КРдагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат, бизнес жүргүзүүнүн шарттары (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү боюнча чыгымдар), өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, тышкы соода-сатыктын көлөмү, ЕЭБдеги КРнын мүчөлүгү жана ВСП+ статусу жөнүндө маалымат берди.

К.Омуралиев Кыргызстанды ТРнын Өзгөчө (атайын) колдоо менен колдонгон өлкөлөрдүн программасына (Преференция программасы) киргизүү жана кыргыз фасолуна бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү боюнча өтүнүчүн айтты. Өз кезегинде Р.Пекжан, 2017-жылы Түркияда фасольдун түшүмү мол болбогонуна байланыштуу бажы төлөмдөрү төмөндөтүлгөнүн айтты. Бирок азырку учурда мындай зарылчылык болбогонуна байланыштуу жана түрк фасоль өндүрүүчүлөрүн коргоо максатында бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү жана КРна эч бир преференция берүү мүмкүн эместигин белгиледи.

  • 2019-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев ТРнын Соода министри Рухсар Пекжан менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK