2019-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев ТРнын Өнөр-жай жана технология Министри Мустафа Варанк менен жолугушту.

5948

2019-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев ТРнын Өнөр-жай жана технология Министри Мустафа Варанк менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын өнөр-жай жана технология тармагындагы кызматашуусунун маселелерин талкуулашты. Түркиянын өнөр-жай тармагындагы чоң тажрыйбасын эске алап, Элчи К.Омуралиев Министр М.Варанкты Кыргызстанда жаңы технологиялар менен өндүрүш аянттарын ачууга көмөк сурады.

Тараптар Түркиянын илимий-техникалык изидөөлөр боюнча Кеңеши (ТҮБИТАК) менен КРнын тийиштүү органынын биргелешкен изилдөө иштерин алып баруусу боюнча жана кыргыз өндүрүш секторунун өкүлдөрүнүн ТРна, Анкара Технопаркы менен таанышуу үчүн сапарын уюштурууну макулдашышты.

Инвестиция тартуу жана жаңы өндүрүш аянттарны ачуу максатында Элчи К.Омуралиев М.Варанкка КРдагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат, бизнес жүргүзүүнүн шарттары (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү боюнча чыгымдар), өлкөбүздүн экономикалык өнөктөштөрү жана тышкы соода-сатыгынын көлөмү, ЕЭБдеги КРнын мүчөлүгү жана ВСП+ статусу жөнүндө маалымат берди.

Маалымат иретинде: Технопарк – бул инновациялык долбоолорду ишке ашыруучу аймактык, илимий, технологиялык жана техникалык база.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK