Үстүбүздөгү жылдын 18-30 апрель аралыгында Элчиликке Кыргызстанга кайтып баруу ниети менен кайрылган жарандардын тизмеси.

8175

Үстүбүздөгү жылдын 18-30 апрель аралыгында Элчиликке Кыргызстанга кайтып баруу ниети менен кайрылган жарандардын тизмеси.

Стамбул шаарындагы Башкы консулдукка кайрылган жарандардын тизмеси консулдуктун расмий сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланат.

Координацияланган иш жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле кайрылуулардын кайталанбашы үчүн туруктуу же убактылуу жашаган консулдук округга жараша Элчиликке жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдукка кайрылууну өтүнөбүз.

Төмөнкү аймактарда жашаган жарандар Элчиликке кайрылышы керек: Анкара, Адана, Адыяман, Афьонкарахисар, Агры, Амасья, Артвин, Айдын, Бингөл, Битлис, Болу, Бурдур, Чанкыры, Чорум, Денизли, Диярбакыр, Элазыг, Эрзинжан, Эрзурум, Эскишехир, Газиантеп, Гиресун, Гүмүшхане, Хаккари, Хатай, Спарта, Мерсин, Карс, Кастамону, Кайсери, Кыршехир, Конья, Күтахья, Малатья, Кахраманмараш, Мардин, Мугла, Муш, Невшехир, Нигде, Орду, Ризе, Самсун, Сиирт, Синоп, Сивас, Текирдаг, Токат, Трабзон, Тунжели, Шанлыурфа, Ушак, Ван, Йозгат, Зонгулдак, Аксарай, Байбурт, Караман, Кырыккале, Батман, Шырнак, Бартын, Ардахан, Ыгдыр, Карабүк, Килис, Османие, Дүзже.

Элчиликке кайрылуулар kgembassy.tr@mfa.gov.kg электрондук почтасы жана + 90-312 491 35 06/07, +90 545 689 68 00 (whatsapp) телефон номерлери аркылуу кабыл алынат.

Төмөнкү аймактарда жашаган жарандар Башкы консулдукка кайрылышы керек: Стамбул, Анталья, Бурса, Измир, Маниса, Балыкесир, Чанаккале, Билежик, Кожаели, Сакарья, Текирдаг, Кыркларели, Эдирне, Ялова.

Башкы консулдукка кайрылуулар +90 212 235 67 67, +90 535 107 72 12 (whatsapp) телефон номерлери жана kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат

Кайрылууда төмөнкү маалыматты көрсөтүү зарыл: латын тамгалары менен паспорттогудай аты-жөнү, туулган датасы, паспорттун номери, Түркиядагы жашаган шаары жана байланыш телефон номери.

Ошол эле учурда, буга чейин ар кандай себептерден улам Кыргызстанга учуп кете албаган жарандардан (Элчиликтин тизмесине ылайык) Элчиликке кайрылып, мекенине кайтып баруу ниетин/баш тарткандыгын тастыктоону өтүнөбүз.

Чартердик рейсти ишке ашырууга эки өлкө бийликтеринин уруксаты алынгандан кийин кайрылган жарандарга кошумча маалымат берилет, ошондой эле расмий интернет жана социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланат.  

Тизме №1

Тизме №2

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK