Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Кыргызстандын 237 жараныны Түркиядан кайтып келди

4596

Үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда кыргыз жана түрк бйликтеринин, Элчиликтин жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун аракеттери менен Стамбул-Бишкек каттамы боюнча «Пегасус» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Кыргызстандын 237 жаранынын Мекенибизге кайтуусу ишке ашырылды. Аталган рейс менен жарандардын алдын ала кайрылуулары боюнча Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык, Түркиянын ар кайсы шаарларында дарылануу, иштөө, окуу жана башка максаттар менен келген жарандар кайтарылды. Элчилик тарабынан өз каалоосун билдирген Анкара шаарынан кетүүчү жарандарга Стамбул шаарындагы аэропортко баруу үчүн транспорт уюштурулду.

Авиарейс коронавирус Covid-19 илдетинин пандемиясына байланыштуу чет өлөклөрдөгү чек аралардын убактылуу жабылуусунун жана аба каттамдардын токтошунун кесепетинен мекенибизге кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон Кыргызстандын жарандарынын кайтаруу иштеринин алкагында ишке ашты.

Белгилей кетүү керек, Элчилик тарабынан март-июль айларында уюштурулган чартердик рейстер менен Кыргыз Республикасынын 1880 жараны Мекенибизге кайтарылган.

COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдарынын токтоп калгандыгына байланыштуу, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан мекенге кайтып кетүү маселеси боюнча көптөгөн кайрылууларды кабыл алууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK