2020-жылдын 8-июлунда Кыргызстандын 326 жараны Түркиядан кайтып келди

5036

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындағы Элчилиги, 2020-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу менен биргелешкен иштин натыйжасында, Стамбул-Бишкек каттамы боюнча Стамбул-Бишкек багыты боюнча “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Кыргызстандын 326 жаранынын кайтуусу ишке ашырылгандыгын билдирет. Бул рейс менен жарандардын алдын ала кайрылуулары боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык, Түркиянын ар кайсы шаарларында жүргөн жана башка өлкөлөрдөн транзит менен өткөн жарандар кайтарылды.

Авиарейс коронавирус Covid-19 илдетинин пандемиясына байланыштуу чет өлөклөрдөгү чек аралардын убактылуу жабылуусунун жана аба каттамдардын токтошунун кесепетинен мекенибизге кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон Кыргызстандын жарандарынын кайтаруу иштеринин алкагында ишке ашты.

Кыргызстандын жарандарын Мекенине кайтаруу үчүн кийинки чартердик рейстер 15-22-29-июлда күтүлүүдө. Алдыда боло турган рейстер боюнча кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK