2020-жылдын 15-июлунда саат 03:10догу Стамбул-Бишкек ТК4936 чартердик авиарейси тууралуу маалымат

9890

Урматтуу мекендештер,

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын июль айында Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөттөрү ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында, 2020-жылдын июль айында Стамбул-Бишкек багыты боюнча “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын 4 чартердик авиарейстери аткарылат. TK4936 биринчи рейс 2020-жылдын 8-июлунда ишке ашырылган. Экинчи авиарейс 2020-жылдын 15-июлунда саат 03.10до Стамбул эл аралык аэропортунан аткарылат. Ошол эле учурда 2020-жылдын 22 жана 29-июлунда уюштурула турган чартердик рейстер тууралуу маалымат кошумча жарыялана тургандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Ушул жылдын 15-июлундагы чартердик рейси менен 2020 жылдын 10-июлуна чейин Анкара шаарындагы Элчилике жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдукка электрондук даректери аркылуу кайрылган жарандар үчүн учуу мүмкүн болот жана хронологиялык тартипке ылайык ишке ашырылат. Аталып кеткен авиарейстер менен Кыргыз Республикасынын жарандарын, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тизмеси боюнча башка өлкөлөрдөн транзит менен өткөн жарандарды дагы кайтаруу көздөлүүдө.

Кайрылуу жасаган жарандардын тизмелери Элчиликтин (https://mfa.gov.kg/kg/ankara) жана Башкы консулдуктун (https://mfa.gov.kg/kg/istanbul) сайттарында ушул жарыянын тиркемесинде жайгаштырылган. Алардын ичинде башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандардын дагы тизмеси бар.

Элчиликтин жана Башкы консулдуктун тизмелеринде болгон жана “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын 2020-жылдын 15-июлуна чейинки регулярдуу рейстерине жарандардын мурун сатып алган билеттери 2020-жылдын 15-июлундагы чартердик авиарейске жарактуу.

Аталган чартердик рейске авиабилеттер түздөн түз аэропортто 2020-жылдын 14-июлунда саат 18.00дон тартып Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык сатылат. Жогоруда айтылган тизмелерге, анын ичинде КР ТИМнин тизмесине ылайык авиабилеттерди 2020-жылдын 14-июлунда “Түрк аба жолдору” авиакомпаниясынын өкүлчүлүктөрүнөн түз сатып алууга дагы болот.

Авиабилеттин баасы - 256 АКШ долл. (доллар, евро же түрк лирасындагы накталай акча же кредиттик карта менен төлөсө болот), эки жашка чейинки балдар үчүн авиабилеттин баасы 16 АКШ долл., 2-12 жашга чейинки балдар үчүн авиабилеттин баасы 218 АКШ долл. түзөт. Уруксат берилген багаж 38 кг., кол багажга уруксат берилбейт жана аны учакка алып кирүүгө болбойт. Эгер багаж 38 кг. ашса, кошумча 1 кг. багаждын акысы 6 евро. түзөт.

Элчилике жана Башкы консулдукка кайрылган жарандарга, алар өздөрүнүн кайрылуусунда көрсөткөн номерлер аркылуу учуу жөнүндө тастыктама алуу үчүн жеке телефон чалуулар болот. Ушуга байланыштуу мекендештерибизди Элчиликтен жана Башкы консулдуктан телефондук чалууларды күтүүнү суранабыз. Арыздарын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердеги дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнө берген жарандар, арыздары берилген Элчиликтерге жана Башкы консулдуктарга кете тургандыгы тууралуу өздөрүнүн макулдугун ырастоосу зарыл.

2020-жылдын 9-июлунан кийин кайрылган жарандар кийинки чартердик рейске киргизилет, бул тууралуу жарандарга электрондук даректерине кабар берилет.

Анкарадагы КР Элчилигинин тизмеси: Жүктөө

КРнын Тышкы иштер министрилигинин тизмеси: Жүктөө.

КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун тизмеси: Жүктөө..

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK