Соода-экономикалык кызматташтык

Сауд Арабиясы КРнын соода айлампасында анча чоң эмес көлөмдү ээлейт – 0,018%. 2013-2016-жылдарда КР менен Сауд Арабиясынын соода айлампасы  2,5 эсеге көбөйдү. 2016 – жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода айлампасы 23,1% кыскарды жана 1,0 млн. АКШ долл. түздү, анын ичинде экспорт 40% кыскарды, импорт 11,1% көбөйдү

2017 – жылы соода айлампа  0,701 млн. АКШ долл. түздү  (29,5% кыскарды),  анын ичинде  экспорт 0,590 млн. АКШ долл. (-9,0%), импорт - 0,111  млн. АКШдолл. ( - 67,1%).

Элчилик СӨФ менен активдүү кызматташат. СӨФтөн алынган кредиттердин гранттык элементи 40,63 % түзөт, демек финансылык шарты өтө жеңил болуп эсептелет.

Учурда Фонд Кыргызстанда 120 млн. АКШ доллары өлчөмүндө 5 долбоорду баштады:  “Бишкек-Торугарт”,   “Тараз - Талас – Суусамыр” (Фаза III) жана «Түндүк-Түштүк» автожолдорун калыбына келтирүү боюнча (Балыкчы, Жалал-Абад); Бишкек шаарындагы балдар ооруканасын оңдоп-түзөө жана кеңейтүү жана жалпы билим берүү мектебин куруу боюнча.Ошондой эле кошумча хирургия жана журөк ИИИ кайра куруу жана жабдууларды сатып алуу учун 1.5 млн. АКШ долларын бөлүп берүү макулдашылды.

Элчилик өзгөчө Сауд Өнүктүрүү Фонду (СӨФ)  жана  Ислам Өнүктүрүү Банкы менен болгон кызматташтыка көңүл буруп белгилүү жетишкендикке багыт алды.

Азыркы тапта СӨФ КР жалпы суммасы 120 млн. АКШ долларын түзгөн, гранттык үлүшу 35% чейин болгон  5 проектини ишке киргизди:

 “Бишкек-Торугарт” жолун кайра оңдоо,   “Тараз - Талас – Суусамыр” (Фаза III) и «Түндүк-Түштүк» (Балыкчы-Джалал-Абад); кенейтүү жана кайра куруу боюнча Бишкек ш. балдар ооруканасы жана мектептерди куруу.

2018 – жылы 4 – апрелде Кыргыз Өкмоту жана СӨФтүн ортосунда 3.7 млн.АКШ доллар олчөмүндогү Гранттык келишимге кол коюлду:

  • Жүрөк жана хирургия Илимий изилдөө институтун реконструкция жана жабдуу сатып алуу;
  • Чүй областына карантин зонасын куруу;
  • Кара-Кулджа жана Түп айылдарына медициналык борборлорду куруу.

СӨФ мындан ары дагы өзүнчө жана Араб Координация Тобунун (АКТ) алкагында көпчүлүк проектилерде, анын ичинде айыл-чарба жана башка тармактарда дагы көмөктөштүк кылары күтүлүүдө.

Үсүбүздөгү жылы Элчилик  Кыргызстанда жалпысы 326,7 млн. АКШ долларына экономиканы жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу, жумуш ордун түзүүгө багытталган 59 проектини жүргүзүп жаткан Ислам Өнөктөштүк Банкы (ИӨБ)  менен бир нече сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

ИӨБ кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өзгөчө КР менен болгон онөктөштүктүн стратегиялык күн тартибинин алкагында башкы багыттарды бири болгон жеке сектордо  өтө жогоруу ишке ашырыла элек потенциалы бар.

Элчилик ИӨБко АКТ координатору катары кайрылуу жасап, 2017 – жылы 11 июлда Бишкекте болгон 3 Тегерек столдун алкагында алдын ала КРнын Өкмөту жана АКТ ортосунда  358.1 млн. доллар боюнча ден-соолукту коргоо, суу, айыл-чарба жана транспорт багытындагы жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну активдештирүүнү өтүнгөн.

Айтылган суроо мурдагы Премьер-министр С. Исаков жана Вице-премьер С.Муканбетов ИӨБдун Президенти менен болгон Абу-Даби  2018 – жыл 11-13 февраль жана ИӨБдун Туниcте, 2018 – жылдын 1-5 апрелинде болгон жолугушулаарда дагы айтылган.

Көрсөтүлгон жолугушууларда ИӨБ социалдык-экономикалык өнүгүүнү андан ары дагы колдоорун, өзгөчө эл агартуу, энергетика, айыл чарба жана инфраструктура багытарында көмөк көрсөтөөрүн ырастады. Банк башка шериктештери менен болгон кызматташтыкты, өзгөчө АКТнын мүчөлөрү менен КР астында турган проблемаларды чечүү үчүн бирдиктүү арактеттерин көрөт.

ИӨБ ошондой эле Орто Азия өлкөлөрүнө багытталган Атайын программанын алкагында (SPSA), Ысык-Көлдү айланта куруулучу жолдун 130 млн. доллардык проектисин АКТ мүчөлөрүү менен бирге колодоорун билдирди.

КР экономикасына инвестиция тартуу багытында Элчилик Ислам Өнөкөштүрү Фонду менен жолугуп 100 миң.доллар гранты эл агартуу проектилерине жиберүүнү ишке ашырды.