Өлкө тууралуу маалымат

Падыша Салман ибн Абдул-Азиз ибн Абдуррахман Аль Сауд

Ханзада Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сау́д

Сауд Араб Падышалыгы (المملكة العربية السعودية) — Арап жарым аралындагы ири мамлекет. Түндүгүнөн Иордания, Ирак жана Кувейт менен, чыгышынан Катар жана Бириккен Араб Эмираттары менен, түштүк-чыгышынан Оман менен жана түштүгүнөн Йемен менен чектешет.

Сауд Араб Падышалыгы, адатта, "Эки Ыйык Мечиттердин Жери", Мекке жана Медина аталат - Исламдагы эки негизги ыйык шаарлар. Өлкөнүн кыска аты – Аль-Саудия.

Сауд Араб Падышалыгы - уруунун урматына берилген аты менен дүйнөдөгү үч өлкөнүн бири болуп саналат, мындан башка Иордания менен Лихтенштейн уруунун атына койулган. Падышачылык мунайдын эбегейсиз кени менен дүйнөдөгү мунайды экпорт кылган ири мамлекет болуп саналат.

Падышачылыктын терртирориясы Араб жарым аралынын аймагынын болжол менен 80% түзөт. Улуттук чек аралары так бөлүнгөн эмес. Сауд Араб Падышалыгы дүйнөдө эӊ чоӊ өлкөлөрдүн арасынан 13 орунду элейт.

Жайкы мезгилде гүндүзгү температура +50 түшпөй турат.

Мамлекеттик түзүмү

Мамлекеттик түзүм 1992-жылы кабыл алынган Падышачылыктын Башкы Низам аталышындагы закон менен бекитилген. Бул законго ылайык Сауд Араб Падышачылыгы абсолюттук монархия болуп эсептелинет. Биринчи Падыша Абдел Азиздин балдары жана неверелери менен башкарылат. Закон шариат негизиде түзүлгөн. Королдун укугу шариат менен гана чектелген.

Мамлекттин башчысы болуп Падыша эсептелинет. Азыркы учурда Сауд Араб Падышасы биринчи Падыша уулу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд. Падышачылыктагы маанилү закондор кеӊешчилер менен талкуудан кийин кол койулат. Падыша бийликтин бардык бутактарын көзөмөлдөйт.