Элчи М.Е. Арстанбаевдин Вакаяма префектурасына иш-сапары

2934

2019-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укутуу Элчиси М.Арстанбаев Вакаяма префектурасынын Вице-губернатору Хироши Шимо менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган префектура менен кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.

Элчи М.Арстанбаев, Вакаямада белгилүү деп эсептелген, төмөнкү үч чөйрөдөгү кызматташтык кыргыз тарабынын кызыкчылыгын жаратаарын белгиледи: тамак-аш индустриясы, фармацевтика тармагы жана химия өнөр-жайы. Учурда Кыргыз Республикасы органикалык жактан таза айыл-чарба продукциясын өндүрөөрү жана аны экспорттоодо сертификациялоо маселеси тураары айтылды. Андыктан, Элчи Вакаяма префектурасынын лабораториялары менен кызматташуу маанилүү экендиги жөнүндө пикирин билдирди.

Вице-губернатор Х.Шимо префектуранын аймагында алдыӊкы лабораториялар жана изилдөө борборлору бар экенин маалымдады. Алардын бири менен кызматташуу перспективага ээ экендигин белгилеп өтүп, маектеш Вакаяманын Индустрия жана технология борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Вице-губернатордон соӊ Элчи М.Арстанбаев Вакаяманын жергиликтүү Парламентинин Төрагасы Такеши Кишимото жана анын орун басары Рейко Мори менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө таратптар Кыргызстандын аймактары менен Вакаяманын ортосундагы байланыштарды тереӊдетүүнүн маанилүү экендигин белгилешти. М.Арстанбаев жергиликтүү эл өкүлдөрдү Кыргыз Республикасына чакырып, аларды кыргыз тарабындагы кесиптештер менен жолугушууга үндөдү. Тараптар бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышты.

Ушул эле күнү М.Арстанбаев Вакаяманын Индустрия жана технология борборуна барды. Бул уюм жергиликтүү иш-каналарга көмөк көрсөтүү менен алектенет. Тактап айтканда, жеке компаниялар белгилүү бир продукцияны чыгаруу үчүн атайын жаӊы технологияларды ойлоп табуу боюнча жардам берүү сыяктуу Борбордун кызматтарын көрө алышат. Мындан тышкары, компаниялардын зарылчылыгына жараша, Борбор жаӊы технологияларды иштеп чыгып, аларды сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул мекемеде жергиликтүү өндүрүшчүлөр ар түрдүү лабораториялык изилдөөлөрдү, сыноолорду жана сертификацияларды өткөрө алышат.

Соӊунда, Элчи М.Арстанбаев «Souhonke Surugaya» компаниясынын кондитердик фабрикасына барды. Анын ишмердүүлүгү менен таанышкандан соӊ, тараптар аталган компания чыгарган продукцияларды өндүрүүдө колдонуу үчүн кыргыз балын сатып алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK