Акылбек Жапаров Япониянын экс-премьер-министр Синдзо Абэнин каза болгондугуна байланыштуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигине барып көңүл айтты

1261

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров  Япониянын Кыргызстандагы элчилигине барып, өлкөнүн экс-премьер-министри Синдзо Абэнин трагедиялуу каза болгондугуна байланыштуу ачылган көңүл айттуу китепчесине кол тамгасын калтырды. 

“Чечкиндүү инсан, таланттуу саясатчы дүйнөдөн кайтты.  Бул бүткүл дүйнөлүк коом үчүн чоң жоготуу. Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоодо көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары маанилүү роль ойногон Абэ мырзанын жаркын элеси сакталат. Аны жоготуу аны билгендердин баары үчүн орду толгус. Кыргызстандын эли жапон эли менен кошо аза күтөт” – деп жазды Акылбек Жапаров. 

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Ыйгарым укуктуу жана Атайын Элчиси Маэда Сигеки Министрлер кабинетинин башчысына көңүл айтып келгени үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматыштык байланышты чыңдоого аракет жасаган  экс-премьер-министри Синдзо Абэнин иштерин улантабыз деди.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK