«Follow-up cooperation» программасы

2969

Ысык-көл облусунда Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) «Follow-up cooperation» программасынын алкагында жаңы долбоор ишке ашыруу пландаштырып жатат. Бул программа региондордо туристик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга багытталган. 

Долбоордун алкагында япониянын «Омотенаши» жана бир нече Европа өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча туризмде меймандостукту өнүктүрүү боюнча эки күндүк семинар өткөрүлөт. Ошондой эле, семинардын катышуучулары JICAнын консультанттарынын көмөгү менен өз региондук туризимдин өнүктүрүү планын иштеп чыгышат.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында Чолпон-Ата шаарындагы «Ысык-Көл облустук мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейине» тактай отургуч, көрнөк, жарнама такта жана мусор багын орнотуу пландаштырылып жатат. Мамлекеттик музей – бул ачык асмандагы 2000 жыл биздин эрага чейин пайда болгон тарыхый жана маданий петроглифтер бар эстелик болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK