Жаңы жылыңыздар мене!

3061

Урматтуу мекендештер!

Кымбатту достор!

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигин жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман бардыгыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

2020-жыл жеңил болгон жок. Коронавирус пандемиясы – жаңы кыйынчылыктарга дуушар кылды. Бирок уюткулуу эл болгондуктан бул жамандык менен күрөшүүдө бир даалай ийгиликтерге жетиштик.

Ошондой эле Япониядагы жашаган мекендештердин салымы салмактуу болду. Өз убагында Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелерге берилген жардам канча деген адамдардын жанын сактап калды.

Жаңы 2021 жылда сиздерге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана ишиңиздерге ийгилик каалайм. Келе жаткан жыл бардыгыңыздарга жакшылык алып келсин, ал эми бүт жаманчылыктар өткөн жыл менен чыгып кетсин.

Жаңы жылыңыздыр менен!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK