Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердигинин кезектеги жыйынтыктарын чыгарды

2170

2021-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен видеоконференция форматында кезектеги жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу дипломатиялык кызмат органдарынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоого жана 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттерди аныктоого арналды.

Өзүнүн киришүү сөзүндө Министр белгилегендей, коронавирус инфекциясынын кийинки толкуну, кризистен кийинки оор жагдай, өлкөдөгү конституциялык реформалар шартында министрлик кризистик кырдаалды жөнгө салуу режиминде өлкөнүн тышкы саясий кызыкчылыктарын илгерилетүү ишин улантуусу зарыл экендиги айдан ачык болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мырза тарабынан бекитилген 2020-жылдын 15-октябрынан 2021-жылдын 15-февралына чейинки мезгилге карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кризиске каршы иш-чаралардын биринчи Планын жана 2021-жылдын 16-февралынан 30-июнга чейинки мезгилге карата Кризиске каршы иш-чаралардын экинчи Планын ишке ашыруу боюнча иштин жыйынтыгын чыгарып, Министр Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын көпчүлүк органдары жогоруда көрсөтүлгөн Пландын багыттары боюнча коюлган тапшырмаларды, анын ичинде саясий жана экономикалык чараларды, COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды, чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ж.б. милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшагандыгын баса белгиледи.

Жалпысынан, Кризиске каршы экинчи планды ишке ашыруу максатында 500дөн ашуун иш-чара өткөрүлүп, анын 40ы – жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлар, 9у – иш сапар жана чет мамлекеттердин бийик даражалуу чиновниктеринин катышуусунда өткөн иш-чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегацияларынын чет мамлекеттерге болгон 14 визити, анын ичинде 7 жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин денгээлинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин 5 визити, видеоконференция аркылуу 35тен ашуун жолугушуу.

Министр Р.Казакбаев COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу, өлкөгө зарыл болгон каржылык, техникалык жана гуманитардык жардамдарды тартуу, тышкы карыздарды реструктуризациялоого көмөктөшүү жаатында жүргүзүлгөн ишмердикти баса белгиледи.

Жыйынтыгында министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мырза тарабынан бекитилген 2021-жылдын 1-июлунан баштап мезгилге карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кризиске каршы чаралардын үчүнчү планында белгиленген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн негизги милдеттерине токтолуп кетти. Алсак, чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын, жарандардын укуктарын коргоо, чет өлкөлөрдөгү регионалдык интеграциялык процесстерди кеңейтүү, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо, союздаш жана дос өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү милдеттери.

Министр экономикалык дипломатиянын алкагындагы аракеттерди улантуу, инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK