Борбор Азиянын жаш сүрөтчүлөрүнүн «Touch of Asia Exhibition 2019» көргөзмөсүнүн ачылышы
2019-жылдын 23-январында Токио шаарынын Улуттук көркөм өнөр борборунда «International Sumi-e Friendship Association» уюштурган Борбор Азиянын жаш сүрөтчүлөрүнүн «Touch of Asia Exhibition 2019» көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Ачылыш аземине дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Япониянын көркөм өнөр жогорку окуу жайларынын профессорлору, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү жана көркөм өнөр сүйүүчүлөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын атынан 13 жаш сүрөтчүнүн чыгармачылыгы көргөзмөгө коюлду. Көргөзмө 2019-жылдын 4-февралына чейин өтөт.