Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинде Кыргыз тарыхынын жана маданиятынын кечеси өттү

2488

2020-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинде Кыргыз тарыхынын жана маданиятынын кечеси өттү. 

Иш-чарага Япониянын маданият, адамдык өнүгүү жаатындагы жана бизнес чөйрөсүндө иштеген ар кандай ассоциацияларынын жана компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Кеченин конокторуна Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Мирлан Арстанбаев кайрылуу сөз сүйлөдү. 

Элчи кыргыз элинин байыркы жана бай маданиятын, анын каада-салтын жана үрп-адатын белгилеп, иш-чаранын катышуучуларына кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына кызыгып, эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын конокторуна кыргыз элинин тарыхы жана маданияты боюнча презентациялар, ошондой эле Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына Япон делегациясынын катышуусу жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлдү.

Маданий кеченин экинчи бөлүгүндө конокторго кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле, комуз жана ооз комуздагы элдик чыгармалар тартууланды.

Кече кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү жана балынын көргөзмөсү менен аяктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK