Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды

2752

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды, алар бүгүн чартердик каттам менен Кытай Эл Республикасынан алып келинди. 

Белгилей кетсек, жуманын башында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 млн сом бөлүнгөн. 

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы – 500 даана келди, кийинки 500 даана партия өлкөгө келерки жумада жеткирилет.

«COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында бүгүн өлкөгө жеткирилген мобилдик кычкылтек концентраторлору өтө зарыл. Кычкылтек концентраторлору көптөгөн жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга жардам берет», - деди Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр белгилегендей, кычкылтек концентраты ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган жарандар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу үчүн өлкө аймактарына жөнөтүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK