Хамура шаарындагы Достук концерти

2857

Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин маданият жана спорт тармагында жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында, Токио префектурасынын Хамура шаарында 2019-ж. 18-августунда, Хамура шаарынын Мэриясы тарабынан уюштурулган, кыргыз жана япон аткаруучуларынын жана чыгармачыл жааматтарынын катышуусу менен, Достук концерти өттү.

Хамура шаарынын тургундары жана коноктору үчүн кыргыз аткаруучуларыГулюм Касымбаева, Калыйман Уметбаева, япон ырчысы Мита Ре, Токио Хибискус японквартети жана Токио көркөм-өнөр университетинин япон комузчулары ыр ырдап, күү ойношту.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында кыргыз улуттук боз үйү тигилип, Кыргызстандын кооз жаратылышын чагылдырган сүрөттөр, кыргыздын улуттук кийимдери, сувенирлери, кийизден жасалган буюмдары жана балынын жарманкеси, балдар үчүн кол өнөрүчүлүк боюнча иш-чара уюштурулуп, Кыргызстан жөнүндө документалдык тасма көрсөтүлдү.

Концерттин соңунда, 2019-ж. 25-31-августунда Токио шаарында өтө турган Дүйнөлүк дзюдо чемпионатына катышуучу Кыргыз Республикасынын курама командасын тосуп алуу боюнча расмий азем өттү.

Кыргыз жана япон тарабынын ортосундагы мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз дзюдоистери Хамура шаарында машыгууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK