Хиросимада атомдук бомбалоодон курман болгондорду эскерүүнүн 74-аземи

2858

2019-ж. 6-августунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси M.E. Арстанбаев Хиросимада атомдук бомбалоодон курман болгондорду эскерүүнүн 74-аземине катышты.

Эскерүү аземи салт боюнча Хиросима шаарынын борборунда жайгашкан Тынчтык паркында өттү. Иш-чаралар, салт боюнча, 74 жыл мурун атом бомбасы жарылган убакытта – саат 08:15 башталды. Бүткүл өлкө боюнча, конгуроонун кагуусу менен эсептелген, унчукпоо минутасы жарыяланды. Хиросиманын мэри Кадзуми Мацуи толук ядролук куралсыздандырууга чакыруу менен тынчтык декларациясын жарыялады.

Ошондой эле эскерүү иш-чарасына Япониянын Өкмөт башчысы Синдзо Абэ, депутаттары жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Японияда аккредиттелген дипломатиялык корпус, атомдук бомбалоодо курман болгон жана аман калгандардын үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Хиросима шаарынын тургундары жана коноктору катышты.

Ошону менен бирге Элчи М.Е. Арстанбаев Хиросима шаарынын мэри Казуми Матсуи мырзы жана Хиросима шаардык кеӊешинин төрагасын Харуо Ямада менен жолукту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK