Токио шаарынын Улуттук көркөм өнөр борборунда «Чеги жок көркөм өнөр» аттуу 19-Эл аралык көргөзмөсү ачылды.
2022-жылдын 27-январында Токио шаарынын Улуттук көркөм өнөр борборунда «International Association of SUMI» уюштурган «Чеги жок көркөм өнөр» аттуу 19-Эл аралык көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөдө дүйнөнүн 23 өлкөсүнүн 640ден ашык балдардын чыгармалары көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын атынан 27 жаш сүрөтчүнүн чыгармалары көргөзмөгө коюлуп, анын ичинде Кыргызстандын региондорунан тартылган сүрөттөр бар.
Көргөзмө 2022-жылдын 7-февралына чейин уланат.