Дипломатиялык миссиянын башчысы
Арстанбаев Мирлан Есенович
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Туулган күнү: 1973-ж. 9 октябры
Билими:
1995-ж. - Кыргыз техникалык университети;
1999-ж. - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Иш тажрыйбасы:
1995-ж. - «Шумкар» биргелешкен ишкананын маалымат жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
1995-1998-жж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын референти;
1998-1999-жж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин экономикалык саясат департаментинин атташеси, үчүнчү катчысы;
1999-2000-жж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин мамлекеттик протокол жетекчилигинин экинчи катчысы, биринчи катчысы;
2002-2005-жж. - Кыргыз Республикасынын Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Элчилигинин үчүнчү катчысы;
2005-ж. - Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн референти;
2005-2007-жж. - Кыргыз Республикасынын Президенттин протокол кызматынын жардамчы-жетекчиси;
2008-2009-жж. - Кыргыз Республикасынын Президенттин протокол кызматынын жетекчиси;
2009-ж. - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу;
2014-ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин катчылыгынын жетекчиси;
2014-2019-жж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын генералдык директору;
2019-ж. 6-мартынан - Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
2021-ж. 3-сентябрынан - резиденциясы Токио шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Австралия Шериктештигиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
2021-ж. 14-декабрынан - резиденциясы Токио шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
2022-ж. 9-мартынан - резиденциясы Токио шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Жаңы Зеландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
Дипломатиялык ранг: Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи Элчиси.
Тилдер:
кыргыз, орус, англис, түрк.
Үй-бүлөлүк абалы:
үй-бүлөлүү, үч балалуу.