Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи М.Арстанбаевдин Яманаши шаарынын мэри Харуо Такаги мырза менен жолугушуусу жөнүндө

4655

2020-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Арстанбаевдин Яманаши шаарынын Мэри Харуо Такаги мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын келечеги тууралуу талкуу жүргүздү. Тагыраак айтканда, Яманаши префектурасынын айыл чарба тармагындагы тажрыйбасын эске алуу менен, аталган тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашышты. 

Яманаши шаарынын Мэри айыл чарба азыктарын кайрадан иштеп чыгаруучу жана өндүрүү боюнча алдыӊкы япониялык технологияларды экспорттоого кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK