Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо – 2021-жылдын 10-январы

3263

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигининде (№ 9019 УШК) шайлоо участогу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Консулдук каттоодо турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар, Элчиликтин дарегине 2020-ж. 29-декабрына чейин добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар.

Каттоодон өтүү үчүн төмөндөгү талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;

2. Сүрөт (3*4 см. - 2 шт.).

Ошондой эле, арыз түшкөн учурда шайлоочуну Элчилик убактылуу консулдук каттоого турган жарандын негизинде каттайт. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн мөөнөтекө ишке ашырылат.

Каттоого тургандыгы үчүн консулдук жыйым алынбайт.

Ошондой эле 2020-жылдын 19-ноябырынан тарта шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында чыгарылды жана Элчиликте бекитилген шайлоо участогунда таанышуу үчүн илинди.

Эгер кандай бир ката, так эместик табылса же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, 2020-жылдын 29-декабырына чейин Элчиликке арыз менен кайрылусуу зарыл. Шайлоо участогунда, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Добуш берүүгө 7 күн калганда шайлоо участогундаа акыркы тизме илинет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK