Кыргыз-япон бизнес семинары 2020

3981

2020-жылдын 14-февралында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги (КР ИИКА), Япониянын Россия жана жаңы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү ассоциациясынын (РОТОБО) жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен КРнын компанияларынын инвестициялык презентациялары көрсөтүлдү. Иш-чарага япон тарабынан өкмөттүк уюмдар жана жеке компаниялардын болжол менен 70ден ашык өкүлүдөрү катышты, ал эми кыргыз тарабынан – 10дон ашуун кыргыз компаниялары жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Форумдун ачылышында КР ИИКА Мүдүрү Шумкарбек Адилбек уулу Кыргыз Республикасын инвестициялык дарамети тууралуу кенен маалымат берди. Ошондой эле КРнын бизнес-коомчулугунун өкүлдүрү өз презентацияларын менен катышуучуларды тааныштырды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө бизнес-матчинг өткөрүү үчүн убакыт бөлүндү. 

Форумдун алкагында эки тараптуу өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча талкуулар жүргүзүлдү - IT тармагы, айыл-чарба, электрондук коммерция, адам ресурстары жеңил өнөр жай жана башка багыттары талкууланды.

Бул иш-чара КРнын ишкерлерине өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды түзүү үчүн мүмкүнчүлүк түздү. Дарамети кенен багыттар боюнча консультацияларды уулантуу максатында япония тарабынын катышуучылары КРга жакын убакытта барууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Кыргыз-Япон бизнес семинарынын аягында тараптар ушундай иш-чараны КРда өткөрүү боюнча сүйлөшүлөрдү жүргүздү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK